Бүгүн, 8-декабрда “Парламент” радиосунда “Бир дүйнө – бир азык-түлүк” долбоорунун жетекчисинин кеңешчиси Харагучи Акихиса, координатору Ешизава Юмико жана кыргыз тараптан өкүлү Наргиза Эркинбаева долбоор тууралуу маалымат беришти.
Алардын айтымында, азырынча бул долбоор Ысык-Көл облусунда гана иштеп жатат. Долбоордун алкагында кийизден жасалган ар кандай буюм-тайымдар, кыямдар, самындар – баары колго жасалат. Кийиздердин 100 пайызы жергиликтүү койдун жүнүнөн даярдалып жатканы айтылды. "Колдонулуучу боёктордун баары табигый – жалбырактар, чөптөрдөн алынат. Мунун баары биздин товарларга баалуулук берет деген" Наргиза Эркинбаева долбоор чет жактан жардам күтүп отурбастан, өз айылында кандай жергиликтүү ресурс бар экенин карап, ал ресурстан бир нерсе өндүрүп, аны рынокко чыгарып сатууну жолго коёрун белгиледи.
Бул долбоор тарабынан өндүрүлгөн товарлар Япониянын ири дүкөндөрүндө сатылып жатканы айтылды. “Кыргызстанда жасалып, Японияда сатылып жаткан товарлардын этикеткасында Кыргызстанда жасалгандыгы, колдонуу, сактоо эрежелери жазылат”,- дейт Эркинбаева.