Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 8-декабрда Жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан автоунаалардын себепсиз текшерилиши боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов жана Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко катышты. Маматалиев кыштын келиши менен айдоочулардан арыздар көп түшүп жатканын, алар негизсиз текшерүүлөр менен Жол-кайгуул кызматынын посттору көбөйгөнүнө нааразы экенин белгиледи.
"Чараларды көрүп, Жол-кайгуул кызматы системинде тартипти орнотуу зарыл. Пара талап кылгандар, алгандар жана негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзгөн МАИ кызматкерлери кайра ички иштер органдарына орношо албагыдай шартта иштен айдалышы керек",- деди Маматалиев.
Дьяченко учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн мобилдүү топтор иштеп жатканын айтты.
Жыйында Жол-кайгуул кызматын Мамлекеттик автомобилдик инспекция деп өзгөртүү боюнча токтом долбоору талкууланды.