Алмазбек Атамбаев "Катар Холдинг" жана "Катар Дияр" компанияларынын жетекчилери менен жолугушту
8-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетиндеги иш сапарынын алкагында Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору Ахмад Мухаммад аль-Саед жана "Катар Холдинг", "Катар Дияр" компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Катардын бизнес-түзүмдөрүнүн ортосундагы айыл чарба, энергетика жана өнөр жай чөйрөлөрүндө, ошондой эле транспорт жана логистика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуу талкууланды. Алмазбек Атамбаев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өлкө үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон экономиканын конкреттүү багыттарына токтолду.