Жоомарт Оторбаев: "Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууда бардык маселе өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 8-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Жоомарт Оторбаев Орусиядагы иш сапарында премьер-министр Дмитрий Медведев, Орусия өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Виктор Христенколор менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын Евразиялык аймактын интеграциялык процесстерине катышуусу талкууланганын айтты.

"Орусия Кыргызстандын интеграциялык биримдиктерге кошулуусун колдоого алат. Биз жыйынтыктоочу баскычта турабыз, келишимге кол коюуда юридикалык коллизиялардын орун албашы үчүн укуктук мүнөздөгү маселелерди чечүү зарыл. Бардык маселелер өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши кажет, ошондуктан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу жөнүндө келишиминин ар бир пункту дыкат каралышы керек",- деп белгиледи өкмөт башчы.

Экономика министри Темир Сариев белгилегендей, ведомстволор аралык комиссиянын иши үзгүлтүксүз жүрүүдө. "ЕЭК мүчөлөрү келишим долбоорун карап чыккан соң, өз түзөтүүлөрүн киргизди, учурда биз киргизилген өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келерин чечүүбүз керек, пикир алмашуу зарыл",- деди министр.

Мындан кийин өкмөт башчы "Биз өлкө үчүн ыңгайлуу вариантты кабыл алып, улуттук кызыкчылыктарды алдыга чыгарышыбыз керек, бардык ведомстволордун ырааттуу ишинин натыйжасында аны ишке ашыруу мүмкүн",- деп билдирди.

Жыйын аягында келишим долбоорунун ортодогу долбоорун макулдашуу жана ЕЭК мүчөлөрүнүн сунуштарын, мамлекет кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча сүйлөшүү процессин улантуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан