Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында 9-декабрда өкмөткө караштуу илимди реформалоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйында Улуттук илимдер академиясынын Кыргызстанда илимди уюштуруу системин реформалоо концепциясынын долбоору боюнча сунуштары талкууланды.
"Илимди уюштуруу системин реформалоо концепциясы - адистердин чоң жумушунун жыйынтыгы. Алар илимди реформалоо жолу тууралуу өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. Концепциянын иштеп кетиши үчүн окумуштуулар коомчулугунун, бейөкмөт уюмдардын, жарандык сектордун сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алышыбыз керек",- деди Сариева.
Жыйынтыгында концепциянын долбоорун жактыруу жана аны коомдук талкуудан өткөрүү чечими кабыл алынды.