Бишкекте бензин арзандады, АИ-92 48 сомдон сатылууда

Бишкек шаарында бензиндин баасы арзандады. Учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 48 сом, АИ-95 51 сом, АИ-80 40 сом 40 тыйын, дизель майы 40 сом 20 тыйын болууда. Айрым май куючу жайларда АИ-92 48 сом 90 тыйындан, АИ-95 53 сом 20 тыйындан сатылууда. 
Айта кетсек, өткөн айда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 40 тыйын, АИ-92 49 сом 90 тыйын, АИ-95 53 сом 20 тыйын, дизель майы 42 сом 50 тыйын болчу. Күйүүчү майдын арзандашын адистер Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени менен байланыштырышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан