Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында чиновниктерди тапкан кирешесин гана эмес, чыгашасын да декларацияда көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана алардын жакындарынын да киреше, чыгашасын декларациялоо сунушталууда. Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысынын айтымында, чиновниктердин чыгымдарын натыйжалуу алдын алууга, ошондой эле системдүү коррупцияны жоюуга багытталат. Ал эми чиновник кызматтан кеткенден кийин да 2 жыл киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат берип турушу керек.
Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуш кылды. “Сиздер “саясий жана муниципалдык кызматкерлердин” деп жатасыздар. Бирок бул жерде “мамлекеттик кызматта тургандардын декларациясын көрсөтүү” деп гана турат. Муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек. Ошондуктан кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү суранам”,- деди Зулпукаров.