Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-декабрда кыргызстандыктарды Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү менен куттуктайм!
Дүйнөдө коррупция коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна, демократиялык институттарга жана баалуулуктарга коркунуч келтирип, руханий жана этикалык принциптерди бузуп, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө олуттуу зыян келтирет.
Коррупцияга каршы күрөштү ар бир мамлекеттин милдети катары эсептеп, БУУнун Башкы ассамблеясы Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүн жарыялаган.
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш нукура эркин, эгемендүү жана гүлдөгөн мамлекет курууда негизги приоритеттердин бири катары эсептелет.
Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштө чечүүчү учурду баштан кечирүүдө. Биз саясий жана системдүү коррупциянын бар экендигин ачык моюнга алып, бул жаман илдетке каршы күрөштө комплекстүү мамиле жасап жатабыз. Коррупциянын түпкү тамырын кыркуу жана укук коргоо, сот органдарынын натыйжалуу иштери мунун түйүндүү бир бөлүгү болуп саналат.
Учурда бардык мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдер терең изилденип, коррупцияга каршы конкреттүү чаралар иштелип чыгууда. Негизги максат - мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылып, жарандарыбызды коррупциядан коргоо. Укук коргоо органдарынын иштеринде коррупциялык кылмыштардын бетин ачууда жакшы жылыштар байкалып, жер-жерлерде алардын ишмердиги жандана баштады.
Коомдо бул маанилүү иште кол тийгистер болбошу керек деген түшүнүк калыптанганы абдан маанилүү, анткени коррупцияга каршы күрөш саясий эркке, принципиалдуулукка жана мыйзам бузгандар сөзсүз жоопкерчилик тартарын камсыз кылууга негизделет.
Жыйырма жыл бою айрым колу туткак жетекчилер, чиновниктер жалган патриоттук ураандарга жамынып, тири укмуш коррупциялык механизмдерди ойлоп таап, ишке киргизип, өздөрү пайдаланып келишкен. Мамлекеттик түзүмдөрдү, жалпы коомду чырмап алган коррупцияны жоюу үчүн жарандар тарабынан дагы колдоо, күч-аракет жана эрк керек. Коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу үчүн алдыда аткара турган иштер көп. Бул күрөш тынымсыз улантылат, көрүлгөн чаралар мындан да күчөтүлөт деп ишенимдүү айта алам.
Кыргызстандын жарандары дагы коомдо коррупциянын түрдүү көрүнүштөрүнө жол бербей, адилеттүү, калыс коом калыптандырууга өз салымын кошот деп ишенем. Биргелешип гана бул жаман илдетти жоюп, эркин жана гүлдөгөн Кыргызстан кура алабыз.
Бардыгыңыздарга тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык каалайм".