Надира Нарматова, депутат: "Биздин маянабыз көп деле эмес, 30 миңден 70 миң сомго чейин айлык алабыз"

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде “Айрым категориядагы кызмат адамдарынын Кыргызстандын аймагынан сырткары активдерге ээ болуусуна тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Демилгечи депутат Исмаил Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарынын өлкө аймагынан сырткары активдерге ээ болуусуна тыюу салынат жана ошол тыюуну сактоону текшерүү тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын карайт. Мыйзам долбоору 5 беренеден турат.

Депутат Надира Нарматова демилгеге каршы. 

“Бул мыйзам долбоорун саясий кызматкерлердин декларациясы тууралуу мыйзам долбоору менен бириктирип коюш керек. Эгерде кызматтагы адамдын чет өлкөдөгү мүлкүн декларациясына киргизбегени аныкталса, анын негизинде жоопкерчиликке тартса болот. Бирок депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн териштирип, аларга кысым көрсөтө берүү туура эмес. Депутаттардын баары эле миллионер эмес, көп деле айлык алышпайт. 30 миңден 60-70 миң сомго чейин маяна алышат”,- дейт Нарматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан