Бишкекте жумушсуздук маселеси талкууланган атайын жыйын өттү

Бишкекте бүгүн, 9-декабрда борбор шаардагы эмгек рыногу боюнча сентябрь-ноябрь айларында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол өттү. Изилдөөгө шаардагы 280 ишкана жана уюм, жумуш издеген 520 адам катышканы айтылды. Жыйында жумушсуздукка байланышкан маселелер кеңири талкууланды. 
"Жүргүзүлгөн изилдөө мэриянын жумуштуулукка көмөктөшүү боюнча саясатынын бир бөлүгү. Анын жыйынтыгы эмгек рыногунда активдүү чараларды көрүүнү корректирлөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары жумуштуулук менен камыздоо тармагында иштегендердин кызмат көрсөтүүнү эффективдүү түзүүсүнө жол ачат",- деп билдирет мэрия.
Жыйынга жумуш берүүчүлөр, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ишсиз жарандар, окуу жайларынын өкүлдөрү жана башкалар катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан