Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков “айрым бай саясатчылар коррупцияга каршы күрөштөн коркуп, өлкөдөн тымызын качып кетип жатышат” деп билдирди. Депутат бул тууралуу парламенттин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.
Депутаттын пикиринде, чиновниктер байлыгын Кыргызстанда гана сакташы керек. “Орусия чиновниктеринин башка мамлекеттеги активдерин жаап салды. Биз да ушундай кылышыбыз керек. Эмнеге байлыкты бул жактан таап, башка мамлекетте сакташы керек? Учурда коррупцияга каршы күрөш күчөп жаткандыктан, айрым чет жакта байлыгы бар саясатчылар тымызын качып кетип жатышат”,- деди Исаков.