Кыргызстанда мындан ары мектеп директорлору 5 жылдык мөөнөткө гана дайындалышат

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги системдүү коррупцияны жоготуу планындагы иш-чараларды 45 пайызга аткарды. Муну бүгүн, 9-декабрда аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин алдына быйыл 155 иш-чара уюштуруу планы коюлса, анын 70и аткарылганы айтылды. "Калган иш-чаралар аткарылуу стадиясында жана өз убагында ишке ашырылат",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу үчүн балдарды мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге электрондук кабыл алууну баштаганын, долбоор учурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштеп жатканын билдирет. 
Мындан тышкары мектеп директорлору мындан ары 5 жылдык мөөнөткө дайындалары, андан кийин милдеттүү түрдө башкага өткөрүп берери айтылды. Буга чейин мектеп директорлоруна тийиштүү арыздануулар көп болгон. Жарандар директорлор өтө узак мөөнөткө иштешерин, айрымдары пенсия курагына барып калса да, жаштарга орун бошотуп бергиси келбей турганы боюнча даттанып келишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан