Каржы министрлиги өкмөттүн “Долбоорлорду тандоо жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтом долбоорун иштеп чыкты. Муну бүгүн, 9-декабрда аталган министрликтен билдиришти.
Токтомдун долбооруна ылайык, долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Каржы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ролу жана жоопкерчилиги жогорулайт.
"Райондун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын деңгээлинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссиялар жана долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиялар түзүлөт. Райондук деңгээлде долбоорлорду тандоо боюнча комиссия айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын долбоорлорун карап чыгат жана тандоо жүргүзөт. Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда долбоорлорду тандоо боюнча комиссия облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын билдирмелерин карап чыгат жана тандайт. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия мамлекеттик каржыларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Каржы министрлиги тарабынан түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын курамына Каржы министрлигинин, өкмөттүк аппараттын жана бей өкмөт, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.