Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети иш сапарларга бизнес-класс менен учкан чиновниктердин тизмесин аныктайт. Бул үчүн комитет Кыргызстандын Эсептөө палатасына жана өкмөттүн тийиштүү бөлүмдөрүнө суроо-талап жиберет. Мындай чечим комитеттин 9-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева: “Министрликтердин бири мамлекеттин эсебинен кымбат баадагы автоунааларды алганы айтылып жатат. Бул боюнча да тийиштүү жактарга суроо-талаптарды жиберебиз”,- деп билдирди.