Кыргызстандык делегация инвестиция жаатында тажрыйба алмашуу үчүн Беларуска барат

Кыргызстандык делегация инвестиция тартуу жана аймактарда инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн Беларуска барат. Муну бүгүн Германия эл аралык кызматташтык коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Делегация "Минск", "Могилев" эркин экономикалык аймагында, кытай-беларусь индустриалдык сейил багында болору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө турганы айтылды. Жолугушууда эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу жагы талкууланмакчы. 
Кыргызстандык топтун курамына Ош жана Нарын облустарынын башчылары, ишкерлер, Бишкек, Нарын шаардык мэрияларынын өкүлдөрү жана башкалар кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан