Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында фракциялашы Бакыт Шаршеевден “Сиз да "Ата Журт” фракциясынын мүчөсү белеңиз?” деп сурады. Нарматова кесиптешин жыйындарга катышпаганы үчүн айыптады. “Ата Журттун" мүчөсү болсоңуз, эмне үчүн фракциянын жыйындарына катышпайсыз? Отурумдарга катышпай жүрүп, бүгүн бул жерде фракциянын атынан сүйлөп жатканыңызга таң калып турам",- деди депутат. Шаршеев фракция мүчөсү экенин билдирди. “Мен фракция мүчөсүмүн. Бирок бул жерде ал тууралуу маселе жок. Мен Сотторду тандоо кеңеши боюнча өз оюмду айтып жатам”,- деди депутат.