Кыргызстан Бажы союзуна киргенден баштап улуттук техникалык регламент жокко чыгарылат

Кыргызстан Бажы союзуна кирген күндөн баштап өлкө аймагында Бажы союзунун техникалык регламенти кабыл алынат. Учурда техникалык регламенттердин күчүнө киришине чейинки өткөөл мезгилдин мөөнөтү аныкталууда. Муну бүгүн, 9-декабрда Экономика министрлиги билдирди. Улуттук техникалык регламент жокко чыгарылат.  
"2014-жылдын 1-декабрына карата Бажы биримдигинин алкагында 35 техникалык регламент кабыл алынган. Бажы биримдигин техникалык регламенттери үчүн стандарттардын тизмеси өзүнө КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык стандарттарын камтыйт. Мунун көпчүлүгү эл аралык жана аймактык стандарттар менен шайкеш келтирилген. Мындан тышкары Бажы биримдигиндеги өлкөлөр: Орусия, Беларусь жана Казакстандын улуттук стандарттары менен шайкеш келтирилген",- деп билдирет министрлик.
Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда Бажы биримдигинин техникалык талаптарын сактоону камсыз кылууга керектүү стандарттардын 80 пайызы бар. Калганы жакынкы айларда даярдала турганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан