Кыргызстандын Жол-кайгуул кызматы унаа жолдорундагы кыйын кырдаалга (муз, кар күрткүсү, туман ж.б.) байланыштуу айоочуларга кайрылуу жасады. Мекеме айдоочуларды жол жүрүүдө сак болууга чакырат.
- Айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн жана башка жол жүрүүчүлөрдүн ден соолугун жана өмүрүн сактоо, жол кырсыктарынан качуу үчүн Жол-кайгуул кызматы айдоочулардан сапарга чыгуу алдында автоунаанын абалын дыкат текшерүүсүн, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну өтүнөт.
- Туманда жана тайгак жолдо автоунаанын ылдамдыгын саатына 30 чакырымдык көрсөткүчтөн ашырбоо, суу жолдо автоунаалар ортосундагы аралыкты 30-40 пайызга көбөйтүү, муз жолдо аралыкты 2 эсе көбөйтүү сунушталат.
- Тайгак жолдо унааны кескин токтотпоо, бурулуштардан чукул бурулбоо, түнкүсүн жарыксыз аймакта унааны токтотууда автоунаанын тийиштүү лампаларын сөзсүз күйгүзүү кеңеши берилет.
- Түндө жүрүүдө жөө жүрүүчү өтүүчү жерге жакындаганда айдоочу унааны жайлатууга же токтотууга кам көрүп, муну менен бирге унаанын тийиштүү жарыгын күйгүзүүсү керек.