Тармактык комитет чиновниктерди чыгашасын да көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун артка кайтарды

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети чиновниктерди кирешесин гана эмес, чыгашасын да көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун артка кайтарды. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана алардын жакындарынын да киреше, чыгашасын декларациялоо сунушталууда. Мындай жол менен кирешелер тууралуу декларацияны өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери, республикалык, шаардык жана айылдык маанидеги кеңештердин өкүлдөрү, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери тапшырат. Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысынын айтымында, чиновниктердин чыгымдарын натыйжалуу алдын алууга, ошондой эле системдүү коррупцияны жоюуга багытталат. 

Чиновник кызматтан кеткенден кийин да 2 жыл киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат берип турушу керек болот. Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунда киреше жана чыгашаларды текшерүүнүн критерийлери так аныкталбаганын айтып, кайра иштеп чыгууга жиберүү чечимин кабыл алышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан