Текебаев 2015-жылы коомчулук Кыргызстандагы парламенттик демократиянын жакшы жана начар жактарын белгилей турганын айтты. Коомдук пикирди сурамжылоо жыйынтыгында алардын жарымы парламенттик демократияны колдой турганы белгилүү болгонун, мурда алардын саны мындан аз болгонун кошумчалады депутат. "Парламенттик демократия өлкөдөгү бийлик менен саясий маданиятты өзгөртүп, коомчулуктун үмүтүн актады. Азыр бийликтин монополиясы жоюлуп, бийлик коомдук пикир менен эсептеше баштады", - дейт Текебаев.
Депутат саясий уюмдарды бекемдөө жана парламенттик фракциялардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн шайлоо системин өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Элчи Англиянын кыргыз парламенти менен иштешүүгө кызыкдар экенин, аталган өлкөдө да 2015-жылы парламенттик шайлоо өтө турганын айтты. "Биз Кыргызстанга парламенттик демократияны калыптандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү жагынан жардам берүүгө даярбыз",- деди элчи.