Жогорку Кеңеште бүгүн Геронтологиялык борбор түзүү маселеси каралды

Бүгүн, 9-декабрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин "Геронтология борборун түзүү боюнча" протоколдук тапшырмасы каралды. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул маселени жаңы предмет катары карабоо зарылдыгын, өлкөнүн азыркы шартында Геронтологиялык борборлорду ачуу эртелик кыларын белгиледи. Министр медициналык окуу жайларында бул боюнча сабактарды киргизүү керектигин кошумчалады.

“Кыргызстандын президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы” мекемесинин директорунун орун басары Гүлмира Баитова Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча медициналык институту тарабынан 2 жылдан бери республика боюнча 172 дарыгер геронтология жана гериатрия боюнча окуу курстарынан өткөрүлгөнүн айтты. 

Баитова кошумчалагандай, мындай борборлордун ачылышы менен карылардын жашоо шарты, иштөө жөндөмдүүлүгү арткан, бул жаатта көптөгөн илимий диссертациялар жакталган.

Жыйынтыгында депутаттар бул маселени жалпы жонунан колдоого алып, өкмөткө Геронтология борборун этап-этабы менен түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшыруу чечимине келишти.

Геронтология – адамдын улгайышынын биологиялык, социалдык жана психологиялык аспекттерин, анын себептерин жана аны менен күрөшүүнүн ыкмаларын иликтөөчү илим.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан