Бүгүн, 9-декабрда парламенттин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттери “Кумтөр” маселесин карап жатат.
Жыйында Жогорку Кеңештин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы, 5-июнундагы, 23-октябрындагы токтомдорунун өкмөт тарабынан аткарылышы талкууланат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин ушул жылдын 6-февралындагы токтомунун аткарылышынын жүрүшү боюнча өкмөт жетекчилеринин маалыматы угулмакчы. Жыйынга депутаттар, вице-премьер-министр Валерий Диль жана тийиштүү органдардын жетекчилери катышууда.
Айта кетсек, ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" үлүштү теңме-тең бөлгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимдин долбоорун колдоого алган эле.