Бүгүн, 9-декабрда парламенттин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында “Кумтөр” маселеси талкууланып жатат.
Вице-премьер-министр Валерий Диль жыйынды жабык эшик артында талкуулоо сунушун киргизип, бирок депутаттар буга каршы чыгышты. Депутат Кожобек Рыспаев жабык форматта өтө турган болсо, чыр чыгарын айтты. “Макулдашуу долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин токтомдорун бир жылдан бери кармап жатасыздар. Эмне сыр бар? Материалдар менен депутаттар да, журналисттер да таанышып калган. Коомчулук да билет”,- деди Рыспаев.