Бишкекте 10-декабрда Владимир Путинди колдогон митинг өтөт

Бишкекте 10-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, митингде коомдук кыймылдардын биринин Орусиянын президенти Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу тапшырылары айтылды. Кайрылууда Орусиянын Кыргызстандын 500 миллион доллар карызын кечкени, Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кыргыз экономикасына кошуп жаткан салымы, өлкөлөр ортосундагы товар алмашуудагы жеңилдиктер, Кыргызстанга Орусия берчү аскердик жардам, Бажы биримдигине кирүүдөгү колдоо, ГЭСтерди куруу долбоорлору жана башка маселелер айтылат.
Митингдин катышуучулары Путиндин бардык тармактагы саясатын колдой турганын, ага колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан