Каржы министрлигинин системинде коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы механизмдер колдонулууда. Муну бүгүн, 9-декабрда министрликтин маалымат кызматы билдирди. Механизмдер анализ жүргүзүү, коррупциялашкан зоналарды аныктоо, андай көрүнүштөрдү жоюу боюнча тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгып, ишке ашырууга багытталган. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан бюджеттик процессте, үлүштүк гранттарды берүү процессинде, ведомствого караштуу уюмдардын ишинде жана мамлекеттик сатып алуулар процессинде коррупциялык тобокелчиликтер бар деген тыянак чыгарылганы айтылды.
Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан Каржы министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин киргизүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. Иш-чаралар планы өз ичине 5 блокту камтыйт:
1. Бюджеттик процесстин коррупцияга каршы модели.
2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүнүн коррупцияга каршы модели.
3. Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондун өзгөртүп түзүү.
4. Баалуу металлдар жана зер буюмдар базарын жөнгө салуунун коррупцияга каршы модели.
5. Мамлекеттик сатып алуулар системинин коррупцияга каршы модели.