Бүгүн, 9-декабрда Ош шаарында “Кыргызстанда зомбулукка таянган экстремизмдин алдын алуу дареметин күчөтүү” деген темада тегерек стол өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, ИИМдин Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери менен этностук аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактык өкүлү Расул Жолдошов, УКМКнын, Ош облусунун райондук ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты
Тегерек столдун негизги максаты - экстремизмдин алдын алууда дин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын бирге иш алып баруусуна көмөк көрсөтүү.
Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришкендей, тегерек столдун жүрүшүндө облус казысы Н.Арипов “Жаштар жана аялдар арасында экстремизмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен ислам уюмдарынын өз ара аракеттери” аттуу темада баяндама жасады. Диний саясат боюнча жаңы кабыл алынган концепциянын негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, концепцияда коюлган максаттарга жетүү үчүн уюштурулган иш-чараларда укук коргоо органдары менен дин кызматкерлери тыгыз иштешүүсү керектигин кошумчалады.
Катышуучулар экстремизм, жихад, салафизм, диний билим берүү тууралуу маалыматтарды талкуулашып, ар түрдүү суроолорго тиешелүү жооптор берилди.