Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргызстанга өзгөчө салым кошкон жарандардын жана судьялардын пенсиясына кошумча акы төлөп берүү демилгеси, тийиштүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча карама-каршы пикирлерди жөнгө салуу үчүн жыйын өткөрдү. Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Пенсиялык камсыздандыруу концепциясына ылайык, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучуларына жакшы шарт түзүп берүү иштери жүрүп жатат. Эльвира Сариева пенсиялык камсыздандырууда республикалык бюджетти оптимизациялоо зарыл экенин белгиледи.
"Кыргызстанда пенсиялык камсыздандыруу адилеттүү социалдык камсыздандыруу принцибинин базасында ишке ашырылат. Өкмөт Социалдык фонддун алдына жогорку пенсиялык кошумча акылардын тең бөлүнбөй калышына чек коюу тапшырмасын койду",- деди вице-премьер.
Сариева пенсиялык кошумча акыларды кошуунун шарттарын аныктоо критерийлерин кайрадан карап чыгууну сунуштады.
Жыйынтыгында өкмөттүк аппаратка мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.