Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 8-декабрда ЮСАИДдин администраторунун орун басары Марк Фиерстин менен жолугушту. Жолугушууда аталган уюм менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Жолугушуунун мазмуну тууралуу Фиерстин маалымат берди.
"Жолугушууда энергетика тармагындагы реформаларды колдоо жаатында да пикир алыштык. Мындан тышкары ишкердик үчүн түзүлгөн шартты жакшыртуу боюнча биргелешип кызматташуубуз тууралуу, алдыдагы шайлоолор, шайлоого эркин катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөштүк",- деп билдирди маалымат жыйында Марк Фиерстин.