Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева Парижде Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин жыйынына катышты. Вице-спикер өлкөдөгү саясий кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди. ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды оң баалап, өнүктүрүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешип кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти. Ошондой эле Кыргызстан аймактагы демократиялык коомчулук жана анын институттарын алга жылдыруу маселелери боюнча өнүккөн мамлекет болуп саналары белгиленди.
Талкууда Акыйкатчы институту жана айрым бейөкмөт уюмдарга карата кылмыш иштерине байланыштуу маселелер козголду.
Сасыкбаева ЕКПАнын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Тинатин Хидашели менен жолугушуу өткөрдү.