Бишкек шаарындагы унаа жолдорунун жалпы узундугу 600 чакырымдай болсо, мунун 300 чакырымына асфальт төшөлгөн. Муну экономика министри Темир Сариев бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын пикиринде, 300 чакырымдай жол мамлекеттик бюджеттин жана эл аралык гранттардын эсебинен оңдолмокчу. Жыйында депутаттар Бишкектин көчөлөрүн мэриянын бюджетинен, гранттардын эсебинен айыл жерлериндеги ички жолдорду оңдоону сунушташты.