Кыргызстанда мыйзамдуу никеге туруу процесси электрондук системге өткөрүлүүдө

Кыргызстанда жарандык актылардын абалын каттоо ишин электрондук системге өткөрүү процесси жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери окутуудан өткөрүлүүдө. Демилгенин биринчи этабында райондордогу 60 Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмү автоматташтырылмакчы. Мунун максаты чыгымды жана убакытты үнөмдөө, жарандык актылардын абалын каттоо ишиндеги катачылыктардын санын кыскартуу жана жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу экени айтылды. 
Электрондук системге өтүү менен коррупциялык тобокелчиликтерди да азайта турганын билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан