Мурат Боронов Ош ОИИБинин башчысы болуп дайындалды

Мурат Боронов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда аталган органдын басма сөз кызматы билдирди. Бороновду өздүк курамга бүгүн ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев тааныштырды. Айта кетсек, М.Боронов буга чейин Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.  
Ички иштер министринин башка буйругу менен Ашым Тагаев Ош ОИИБинин жетекчилик кызматынан бошотулуп, Баткен ОИИБинин башчысы болуп дайындалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан