2013-2014-жылдарда Кыргызстанда чиновниктердин саны 2 миңге кыскарды. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтты. Негизги максат өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу экенин белгилеген Сарпашев жыл сайын кыскартуулар болуп жатканын кошумчалады. “Экономикалык шартка жараша өзгөрүп турушубуз керек. Бүгүнкү күндө айыл чарба жана башка министрликтердин структурасы жаңыланып жатат. 2013-жылы кызматкерлердин санын 945 адамга кыскартсак, быйыл миңден ашты. Бул процесс жыл сайын эле жүргүзүлүп келет”,- деди Сарпашев.