Кыргызстанда 11 айда жөлөк пулдар үчүн 3 миллиард сом жумшалганы айтылды

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова 2014-жылы жөлөк пулдарды берүүдөн 758 миллион сом үнөмдөлгөнүн билдирди. Депутат үнөмдөлгөн акчаны кайда жумшаганын социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевден сурады. "2014-жылы жөлөк пулдар үчүн 4 миллиард 874 миллион сом бөлүнсө, мунун 3 миллиард 221 миллион сому пайдаланылган, калганын кайда жумшадыңар?"- деди депутат.
Министр жөлөк пулдар үчүн быйылкы жылга 4 миллиард 572 миллион сом бөлүнүп, 11 айда 3 миллиард сом жумшалганын билдирди. "Алдыда дагы бир айлык жөлөк пулдарды төлөп беришибиз керек",- деди Базарбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан