Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 11-13-декабрь күндөрү Венеция шаарында Кыргызстандын атынан Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын мүчөсү статусу менен Венеция комиссиясынын 101-пленардык жыйынына катышат. Муну 11-декабрда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Аталган комиссия демократиялык институттарда иш тажрыйбасынын негизинде же укукту бекемдөөгө жана саясий илимдерге салым кошуп эл аралык атак-даңкка ээ болгон көз карандысыз эксперттерден турат. 2010-жылдан тартып Кыргызстан Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясына мүчө макамына ээ болгон, бирок аталган комиссияга Кыргызстандан өкүл аныкталган эмес.
Бирок бул мезгилде Кыргызстандын Венеция комиссиясы менен конституциялык жана сот реформасы, өлкөнүн шайлоо тутумуна байланыштуу мыйзамдуулукту актуалдаштыруу жана башка маселелер боюнча консультациялык көмөк жаатында жемиштүү кызматташууда болгон.
"2014-жылы Кыргызстандын Венеция комиссиясына өкүлчүлүк дайындоосу келечекте өлкөдө укуктук реформаларды жүргүзүүгө жана ишке ашырууга зарыл болгон мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат",- деп айтылат маалыматта.