"Жаңы тарифтен коркууга болбойт, 700 киловатт бир айга кенен жетет" дейт депутат Жоошбеков

"Кыргызстанда 700 киловатт-саат электр энергиясы бир айга кенен жетет",- деди депутат Заирбек Жоошбеков "Парламент" радиосунун 11-декабрдагы түз эфиринде. Депутат кыргызстандыктарды жаңы тарифтерден коркпоого чакырды. "Электр энергиясын үй жылытууга иштетишпесе, 700 киловатт бир айга жетип гана эмес, артып калат. Сыналгы, муздаткыч сыяктуу тиричилик буюмдарын кенен иштетүүгө болот. Эгер кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, 3 фазаны колдонуп, 700 киловаттан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөй берсин, төлөгүсү келбегендер үнөмдөп пайдалана башташат",- дейт депутат. 
Эскерте кетсек, азыркы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөйт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан