Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулуп жатат.
Маалыматка караганда, 2013-жылдагы республикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкү деңгээлде бекитилген: кирешелер - 90 миллиард 309 миллион 300 миң сом, чыгашалар 96 миллиард 679 миллион 700 миң сом, дефицит - 6 миллиард 370 миллион 400 миң сом. 2013-жылда ички дүң өнүмдүн көлөмүнүн иш жүзүндөгү өсүшү 10,6 пайызды же 350 миллиард сомду түздү.