Президент Алмазбек Атамбаевдин аракети менен 2014-жылы сырттан 8 миллиард сом насыя алынган. Муну бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Элмира Жумалиева билдирди. Анын пикиринде, бюджеттин тартыштыгы президент алып келген насыялардын эсебинен жабылып жатат.
“Бюджеттин тартыштыгы кайсы каражат менен жабылып жатканын эмнеге айтпайсыңар? Мамлекет башчы алып келген насыя тартыштыктын 90 пайызын жаап жатат”,- деди Жумалиева.
Парламент жыйынында 2013-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы талкууланууда.