Дастан Жумабеков төө буурчак көйгөйүн чечүү үчүн өкмөт башчыны Түркиянын премьер-министрине телефон чалууга чакырды

Депутат Дастан Жумабеков 11-декабрда Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди Түркиянын өкмөтү менен жолугушуп, төө буурчак маселесин чечүүнү суранды. Анын пикиринде, Түркия 1 тонна төө буурчакка кошумча 250 доллар бажы төлөмүн алууда. "2-3 жыл мурун Түркия ушул төлөмдү Кыргызстан үчүн алып койгон болчу. Сизге жолун көрсөтүп кат жибергем. Ушул маселени карап койсоңуз маселе чечилмек. Иш сапар менен барып деле жолугушуп, болбосо телефон чалып чечиңиз",- деди депутат.

Оторбаев Түркия өкмөтүнө бул боюнча кайрылганын билдирди. “Мен кайрылгам, эми алардын да ички саясаты бар. Чечебиз дешсе чечилет, болбосо жок”,- деди Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан