Жогорку Кеңеш 11-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Жыйында депутаттардын суроолоруна премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери жооп беришти.
Маалым болгондой, 2014-жылдын республикалык бюджеттин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, учурда 4,5 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бюджеттин киреше бөлүгү 100 миллиард 42 миллион 752 миң сомго, чыгаша бөлүгү 115 миллиард 673 миллион 696 миң сомго чейин көтөрүлгөнү айтылды.