Асылбек Жээнбеков каржы министри Ольга Лаврованы жалган сүйлөбөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутаттар республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси парламентте кечигип каралып жатканын айтышты. "Эмне үчүн бюджетке өзгөртүү киргизүү маселесин өкмөт дайыма жылдын аягында алып келет? Мыйзам боюнча, жыл аягына 3 ай калганда каралышы керек" дешти депутаттар. 
Каржы министри Ольга Лаврова буга парламентти күнөөлөп "парламентке октябрь айында эле киргизгенбиз..." деп сүйлөп баштаганда, аны спикер Асылбек Жээнбеков токтотту. "Урматтуу министр, жалган айтуунун да чеги болот. Силердин өтүнүчүңөр менен бул маселени кечигип карап жатабыз, өкмөт күнөөлүү",- деди төрага. 
Мындан кийин Лаврова сөзүн оңдоду. "Орусиядан алынчу грантты жана башка жактан берилчү гранттарды күтүүгө туура келди. Ошондуктан мыйзам долбоорун карабай турууну парламенттен суранганбыз",- деди министр. 
Мындан кийин спикер катуу айтканы үчүн министрден кечирим сурады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан