Жогорку Кеңештин депутаттары 11-декабрда "2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулап, 3-окууда кабыл алышты.
Маалыматка караганда, 2013-жылдагы республикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкү деңгээлде бекитилген:
Кирешелер - 90 миллиард 309 миллион сом;
Чыгашалар - 96 миллиард 679 миллион сом;
Тартыштык - 6 миллиард 370 миллион сом.
Ички дүң өнүм көлөмүнүн иш жүзүндө өсүшү 350 миллиард сомду түзгөн. Ал эми бюджеттин тартыштыгы 2 миллиард 834 миллион сомду түзгөн.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорго жооп алышты. 2013-жылдын республикалык бюджетин аткаруудагы кемчиликтерди кийинки бюджеттик мезгилде кайталабоо тууралуу ой-пикирлерин айтышты.
Өкмөткө өлкө экономикасын жакшыртуу, бюджет тартибин так сактоо, мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү, жоопкерчиликсиз аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.