Бишкекте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттарга семинар өткөрүлдү

Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам: мыйзам жана тажрыйба" деген темада адвокаттарга семинар өткөрдү.

Юстиция министрлиги билдиргендей, семинардын алкагында Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын координатору Акжол Калбеков мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын укуктук негиздери, ролу жана маселелери, аны жүргүзүү тартиби жана жол-жоболору, координатордун функциялары жөнүндө баяндама жасады.

Адвокаттардын отчётторун жана алардын эмгек акысын төлөп берүү боюнча документтерин туура тариздөө маселелери да талкууланды жана адвокаттардын суроолоруна жооптор берилди.

Семинардын катышуучулары мындай семинарларды мындан ары да өткөрүү керектигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан