Кыргызстанда бензин менен дизель майы 4 пайызга арзандаганын 11-декабрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Мекеме 6-декабрдан 10-декабрга чейин АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 1 сомго арзандаганын маалымдайт. 11-декабрда баалар дагы өзгөрүп, АИ-80 40 тыйынга, АИ-92 1 сомго, АИ-95 2 сом 20 тыйынга, дизель майы 1 сомго арзандады.
Агенттик бензиндин арзандашына эки фактор таасир эткенин билдирет. Биринчиси - Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени, экинчиси - күйүүчү майга болгон суроо-талаптын сезондук кыскарышы.
Айта кетсек, 11-декабрга карата борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 47 сом 80 тыйын, АИ-80 40 сом 20 тыйын, АИ-95 51 сом, дизель майы 40 сом болууда.