Жогорку Кеңешке кирип-чыгууну башкаруу тутуму боюнча документке кол коюлду

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов менен ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча программасынын жетекчиси Крег Халстед Жогорку Кеңешке кирип-чыгууну башкарууну көзөмөлдөө тутумун колдонууну толук кандуу өткөрүп берүү жөнүндө документке кол коюшту.

Ешмамбетов: “Программанын алкагында парламентти уюштуруучулук жана институтташтыруу жактан өнүктүрүү боюнча, анын ичинде кирип-чыгууну башкарууну көзөмөлдөө тутуму боюнча долбоорлор ишке ашырылды”,- деп билдирди. Анын айтымында, бул тутум Жогорку Кеңеш аппаратында тартипти жакшыртууга, коопсуздук маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Маалымат үчүн: КБКТ – программалык-аппараттык комплекс, ал серверден, көзөмөлчүдөн, идентификациялоо жана кирип-чыгууну каттоо жабдуусунан турат. Тутум Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин, жумуш мезгилинде Жогорку Кеңешке келген адамдарды каттоону башкаруу боюнча милдетти аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан