Бүгүн, 11-декабрда парламент жыйынында “Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Маалыматка таянсак, мыйзам долбоору салык салуунун системин оптималдаштыруу жана турак жай курууну ишке ашыруучу уюмдардын жана жеке ишкерлердин кирешелерине салык салууну башкарууну жакшыртуу үчүн иштелип чыккан.
Долбоордун негизги милдети - турак жайдын бир чарчы метри үчүн мурдатан белгиленген ставка боюнча салык төлөөдө салык төлөөчүлөрдүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу, салык төлөөчү үчүн салыктык отчёттуулукту даярдоодо мыйзамды бузбастан салык салуудан качуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгаруу жана мамлекеттик бюджетке төгүмдөрдү көбөйтүү.
Салыкты жөнөкөйлөтүп эсептеп чыгаруунун мындай ыкмасы курулуш уюмдары менен фискалдык органдардын ортосундагы карама-каршылыктарды чечери айтылууда.