Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Сабир Атажанов уктап калды. Жыйында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, депутаттар 2013-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулап жатышкан. Чиновниктин уктап жатканын эл өкүлдөрү байкашкан жок.