Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров 11-декабрда Жалал-Абад облусунун жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушуп, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракциялардын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. “Кыргызстанда коомчулуктун бардык катмарларынын, анын ичинде мыйзам чыгаруу органындагы оппозициянын көз караштары эске алынган Борбордук Азия үчүн уникалдуу башкаруу формасы түзүлдү”,- дейт вице-спикер.
Андан сырткары Зулпукаров студенттерге Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн оң жана терс жактарын, өлкөнүн тышкы карызы, мамлекеттик чек араны коргоо, калкты газ менен камсыздоо, кичи ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрү, айыл чарба азыктарын экспорттоо, мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү багытындагы суроолоруна жооп берди.