3 жыл ичинде Кыргызстандын 211 студенти Санкт-Петербургдагы университеттерден билим алышты

Кыргызстандын Санкт-Петербург менен тышкы товар жүгүртүүсү 2013-жылы 55,2 миллион долларды түзгөн же 2012-жылдагыдан эки эсе өскөн. Муну вице-пермьер-министр Валерий Диль Бишкекте 11-декабрда өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргызстан-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 6-жыйынында билдирди. Санкт-Петербург менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө Кыргызстандын негизги максаттарынын бири экенин айтат өкмөт мүчөсү. 
"2014-жылдын 6 айында Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун тышкы товар айлантуусу былтыркыга салыштырмалуу 3 эсеге өскөн. Тагыраак айтканда, товар айлантуунун суммасы 6 айдын жыйынтыгы боюнча 47,8 миллион долларды түздү. Бул факт мындан аркы кызматташтыгыбызга үмүт берет",- деди Диль.
Санкт-Петербургдун Тышкы байланыш комитетинин төрагасы Евгений Григорьев буларды айтты:
"2012-2014-жылдары Санкт-Петербургдун 30 университетинде Кыргызстандын 211 студенти билим алышты. 27 студент орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүштү. Кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Орусия өкмөтү билим берүүдөгү Кыргызстандын жарандары үчүн квотаны 10 миңден 15 миң адамга көбөйттү".  
Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында билим берүү жаатында кеңири пикир алышуу болду. Комиссиянын кийинки жыйыны 2015-жылдын орто ченинде Санкт-Петербург шаарында өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан