Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы "Манас" аэропорту сатылбай турганын айтты

Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропорту сатылбайт. Муну Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын 12-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындан ары бир дагы стратегиялык маанидеги объект сатылбайт. Кара-Балтадагы спирт ичимдиктерин чыгаруучу завод сатылып жаткан жеринен токтотулганы кошумчаланды. “Завод банкрот болуп, сатылуу алдында турган экен, биз барып токтотуп, азыр иштеп жатат”,- деди Ирсалиев. 

Андан сырткары фонд төрагасы мамлекеттик ишканалардан 2014-жылдын 9 айында бюджетке 5 миллиард сом түшкөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан